Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна 7 тез жардам унаасы сатып алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Бүгүн, 23-июлда шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы 7 тез жардам унаасын сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.
Унааларды сатып алууга 14 млн 740 миң сом каралган.