Апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркаган ишкерлерге мамлекет келтирилген зыяндын ордун толтуруп берилет. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин жыйында экономика министринин орун барасы Данияр Иманалиев билдирди.
Анын айтымында, чек арадагы окуяда жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине 86 адам киргизилген.
«Биринчи кезекте, аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чечим кабыл алынды. Буйруса бир-эки жуманын ичинде беребиз. Ал кенемтеден тышкары 86 жаранга 200 миң сомго чейин 3 жылга күрөөсүз, үстөгү жок насыя берүү боюнча чечим кабыл алынды», — деди ал.