Кыргызстанда ушул жылдын II чейрегинде киши башына орточо жашоо минимуму 6 миң 332 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ал өткөн жылга караганда 15%га өскөн.
Жашоо минимумунда каралган акчанын (6 миң 332 сомдун) 65%ы азык-түлүк сатып алууга, 16%ы башка товарларга, 17%ы кызмат көрсөтүүлөргө жана салык төлөөгө 2%ы коротулат деп эсептелген.
Калктын кары-жаш экенине жараша жашоо минимумунун өлчөмү да ар кандай. Маселен, пенсия курактагы адамдардын жашоо минимуму 5 миң 646 сом болсо, эмгек курагындагы адамдардыкы 7 миң 122 сомду түзөт. Ал эми балдар үчүн жашоо минимуму орточо 5 миң 318 сом деп эсептелген.
Ошондой эле аймактар боюнча алганда жашоо минимуму биринде аз болсо, биринде көп: Жалал-Абадда 6 миң 665 сомду, Таласта 5 миң 829 сомду түзөт.
Аймактар боюнча жашоо минимуму (киши башына, орточо, сом менен айына)
Жашоо минимуму – бир адамдын бир айда күнүмдүк оокатын «дурус» өткөрүү үчүн жетет деген акчанын өлчөмү.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 562 сом болгон.