Connect with us

Шайлоо: 3 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Кыска кабар | 9 Июл 2021 | 303 | 0

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо учурунда үч миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти сактайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүү күнү мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участокторун коргоо, инвентаризациялоо, ташуу коопсуздугу жана бюллетендерди шайлоо тилкелерине жеткирүү боюнча иштерди уюштурат.

9-июлдан 12-июлга чейин Бишкек, Ош, Токмок шаардык милициясы шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 326 шайлоо тилкелеринин комиссиясы түзүлдү. Аларга миңден ашуун милиция кызматкери бекитилген. Ошондой эле, ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү да тартылат.

COVID-19га байланыштуу шайлоо күнү кошумча санитардык чаралар көрүлөт. Тактап айтканда, бардык шайлоочуларга беткаптар жана кол каптар берилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM