Биз менен байланышыңыз

Аалымдар Кеңешине талапкерлер сынак тапшырууда

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 523 | 0

Бүгүн, 21-июнда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышына талапкерлер сынак тапшырууда. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Талапкерлер тавсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда китептеринен сынак берүүдө. Жалпысынан 61 талапкер катышып жаткан сынактын биринчи бөлүгү жазуу түрүндө өтүп жатат. Андан өткөн талапкерлер эртең, 22-июнда баарлашууга киришет.

Эскерте кетсек, Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына 14, муфтийдин кызмат ордуна 9 талапкер катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM