Лейлек районунун Исфана шаарынын мэри болуп Чыңгызбек Рысов шайланды. Бул боюнча Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиянын атайын токтому чыкты. Тиешелүү документке БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кол койду.
Белгилей кетсек, 7-июнда Исфана шаардык кеңеши мэрди шайлоо боюнча добуш беришкен. Анда мэр болуу үчүн Чынгызбек Рысов, Ташболот Козубаев жана Бакыт Тагаев өздөрүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 31 депутаттын 17синин колдоосу менен 30 жаштагы Чыңгызбек Рысов мэр болуп шайланган.
Жаңы шайланган Рысов буга чейин Исфана шаардык мэриясынын уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адиси болуп иштеген. Билими жогорку, КРСУнун Архитектура, дизайн жана курулуш факультетин аяктаган.