Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын курамасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип калды

Кыска кабар , Спорт | 7 Июн 2021 | 861 | 1

Бүгүн, 7-июнда өткөн футбол боюнча Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагындагы оюнда Кыргызстандын курамасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип калды.

Голду Монголиянын футболчусу Мижиддорж Оюунбаатар оюндун биринчи бөлүгүнүн 34-мүнөтүндө киргизип, беттештин жүрүшүндө “ак шумкарлар” эсепти өзгөртө алган жок.

Беттеш Осака шаарындагы «Янмар Стэдиум» стадионунда өттү.

Эскерте кетсек, беттештин алдында коронавирус жуктуруп алган деп шектелгендиктен Кыргызстан курамасынын коргоочусу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар — Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба оюнга чыга алышкан жок. Ага байланыштуу дарбазага коргоочу Айзар Акматов турду.

Бул беттештен тышкары Кыргызстанды дагы эки оюн күтүп турат: 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 6 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Андан кийин 6 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Кыргызстанда 7 упай бар. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (6 упай) ээлөөдө.

Кыргызстан курамасынын беттештерин «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарынан жана Sportrecs платформасынан көрүүгө болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Мьянма беттешет – КООМ ПРЕСС

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM