Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстанга кайтарымсыз түрдө аскерий-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам долбоору 17-июнга чейин коомдук талкууда болот.
Документте айтылгандай, Казакстан Тажикстанга 5,45 миллиметрлик 3 млн 240 даана патрон, 23 мм болгон 20 миң 76 даана патрон жана 10 миң даана (82 мм) минометтук ок-дары берет.
Төрөбек Нурмухаммед
04.06.2021 20:46
Ошол силер берген ок! Кыргызстандык бир боорлорубузга атылбайт деп ким кепилдик бере алат? Акыл калчап иш кылалы Казак калкым!
Гүлнара
05.06.2021 00:39
Казакстандын бул иши Кыргызстанды терс колдоо жн терс жардам деп эсептейм. Бир боордош эл эмне үчүн Кыргызстанга ушундай жардам бербейтат?
Кыргыз каганат
05.06.2021 20:15
Душманды алыстан издебе деген ушул экен бир боордошуң ушуну кылса анда эч кимге ишенип болбойт