Кыргызстанда акыркы бир суткада 272 адам коронавирус менен катталды. Анын ичинде:
Бишкекте – 148;
Ош шаарында – 6;
Чүй облусунда – 86;
Ош облусунда – 4;
Талас облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 18;
Нарын облусунда – 3;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 93 миң 278ге жетти.
Бир суткада COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3 бейтап каза болду. Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 573 адам болду.
Ошол эле бир суткада 163 адам коронавирустан айыкты. Оорудан сакайгандардын жалпы саны 87 миң 717 киши.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 4 миң 382ге жетти, бир суткада 2 кызматкер ооруп калды. Былтыр марттан бери 4 миң 297 медкызматкер илдеттен айыккан.
Учурда ооруканаларда 1 406 бейтап, үй шартында 1609 адам дарыланууда.
1004 бейтаптын абалы орто оордукта, 330 адамдын абалы оор жана 59 бейтап өтө оор абалда жатат.
Рахман
23.04.2021 16:28
Келип кыган ишинер шу болдубу клуб сесканарды жапкыла же бир адам кордунорбу маска кийип бийлеген ж.б.ш.о адамдарды