COVID-19 үчүнчү толкунуна даярдык эки этапка бөлүндү. Бул тууралуу Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, I этапта аймактарда жугуштуу оорулар бөлүмдөрү иштеп баштайт. Ал эми Бишкек шаарында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы, №1 жана №6 бейтапкана иштеп жатат. Мындан сырткары Улуттук кардиология борборунда да 48 койка ачылды.
Эгерде эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, II этапта адистештирилген ооруканалар иштеп баштайт.