Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум башталды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1514 | 0

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өтөт. Эртең мененки саат 08.00гө карата өлкөдөгү добуш берүү тилкелери ачылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кабарлагандай, 2435 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

“Чет өлкөлөрдө 6 сааттан бери 15 шайлоо тилкеде добуш берүү жүрүүдө. Ал эми Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Саат 8ден баштап 2 миң 435 шайлоо тилкеси ачылды. Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары бүтө электигине байланыштуу 4 шаардык жана 32 айылдык кеңешке депутаттар шайланбайт. 162 шайлоо тилкесинде референдумга гана добуш берүү жүрөт”, — дейт Шайлдабекова.

Өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да башталды. Ага жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1815 талапкер ат салышууда, Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн добуш берүүгө 3 млн 318 миң шайлоочу катталган.

 

Copyright © 2017 Maral FM