Биз менен байланышыңыз

Алай районуна 1200 доза COVID-19 вакцинасы алынып келинди

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1425 | 0

Ош облусунун Алай районунда COVID-19га каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана сациалдык өнүктүрүү министрлигини басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, жалпысынан алар 600 дарыгерге 1200 доза вакцина алып келишкен. Вакцинаны биринчилерден болуп жалпы медициналык практика борборунун директорунун орун басары Чынара Бакирова алган.

Белгилей кетсек, эмдөө үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Эмдөө пункту 3 бөлмөдөн турат: күтүү залы, эмдөө бөлмөсү жана байкоо жүргүзүү бөлмөсү. Эмделген адамды белгиленген убакытка чейин дарыгер көзөмөлдөп турат.

Вакцинаны кабыл алуу иш-чарага райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунологу Дайырбек Арзибеков, жалпы медициналык практика борборунун иммунологу Мария Миянбекова катышты.

Эмдөө эки этапта жүргүзүлөт. 21 күндөн кийин вакцинанын бир дозасын алгандардын бардыгы экинчи дозасын алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM