Биз менен байланышыңыз

Каракол шаарында окуучулар мушташып, бири оор абалда

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1563 | 0

Кечээ, 9-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучулары мушташып, бир окуучу оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Марал» радиосуна жабыркаган баланын атасы билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө өспүрүмдүн денесине залал келтирген адамдар аныкталды.

9-апрелден 10-апрелге караган түнкү саат 00:05 чамасында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү келген. Анда 2004-жылы туулган өспүрүм сабалып ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Баланын атасы кабарлагандай, 9-апрелде жабырлануучу жана анын достору Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында ойногон. Бул учурда аларга коңшу айылдын балдары келип, баласын чакырган. Ошол маалда келген жигиттердин бири баланы таш менен башка уруп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучунун тааныштары аны аймактык оорукананын травматология бөлүмүнө жеткиришкен.

Учурда бала өтө оор абалда жана ага операция жасалышы керек. Баланы эртең ата-энеси шаарга алып келип, операция жасатуу үчүн ооруканага жаткырат.

10-апрелде сотко чейинки процесстин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүп, сабаган адамдар аныкталды. Учурда бардык аныкталган адамдар шаардык милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM