Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча протокол талкууланды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1722 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Ташкентте кол коюлган протоколду талкуулады.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегация 25-мартта Ташкент шаарында протоколго кол койгон.

«Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан, мени сынга алгандар болууда. Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары, өзүмө чоң жоопкерчиликти алдым жана убакыт бардыгын өз ордуна коюп, кезинде бул тарыхый чечим болгонун айтышат», — деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына аталган протокол боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын күчтөндүрүүнү тапшырды.

Ал элге кайсы тилкелер такталгандыгын картадан көрсөтүп берүү керектигин айтты.

«Биринчи кадам жасалды, бирок алдыда чоң жоопкерчиликтүү иштер турат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары бул маселени өзгөчө көзөмөлүнө алсын. Чек ара маселеси артыкчылыктуу каралышы керек», — дейт Ташиев.

Протоколдун ишке ашырылышы, мамлекеттик чек аранын өтүүсүнүн долбоордук линиясын белгилөө боюнча талаа иштерин өткөрүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM