Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» ишканасына жаңы жетекчи келди

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1692 | 0

Адылбек Адранов «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Адылбек Адранов — 59 жашта. 2010-жылы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында эмгектенет. Буга чейин ишкананын жүк жүктөө жана түшүрүү иштерин камсыздоо боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз темир жолун Василий Дашков жетектеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM