Connect with us

Медкызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө акча табылды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1716 | 0

Экономика жана финансы министрлиги медкызматкерлердин айлыгын көтөрүү үчүн 1 миллиард 131 миллион сом таба турган болду. Бул тууралуу министр Улукбек Кармышаков бүгүн, 9-апрелде өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы эки эсеге жогорулады. 1-июлдан баштап медициналык мекемелерде иштегендердин баарынын айлыгы 50% көтөрүлөт.

Эске салсак, үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы 100 %га көтөрүлгөнүн президент Садыр Жапаров да «Фейсбук» баракчасына жарыялаган. Ал медицина кызматкерлери айлыгынын аздыгынан кызматтан баш тартып кетишкенин билдирип, шарт түзүп берүү жолу менен баарын кайтарып келүү керектигин айткан.

Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлердин орточо айлыгы 8 миң сомду түзүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM