Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан курулуш тармагында коңшулардан артта калды

Бишкекте башаламан салынган үйлөр көбөйүп, бош аянттар азайып баратат. 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү укту. Анда Бишкектеги курулуш үчүн керектүү документтерди берүү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү маселелери талкууланды. Курулушчулар бир канча убакыттан бери жетекчисиз калышканын, бул тармактагы бардык документтер эскиргенин айтышты.

Курулушчулар союзунун төрагасы Замир Бекбоев комитет жыйынында Кыргызстандын курулуш тармагы коңшу мамлекеттерге караганда бир топ артта калып калганын айтты.

Мындан тышкары учурда борбор калаада көп жерлер менчикке берилип же сатылып кеткендиктен бош жер аянты калбай баратат.

-Башка мамлекеттерге караганда, коңшуларга караганда биздин курулуш тармагы ар кандай актылар, сниптер боюнча артта калдык. Бүгүнкү күнү биз Орусиянын же совет мезгилинен калган документтер менен иштеп жатабыз. Азыр курулуш тармагына жаңы жетекчи койсо да, айрыкча ушул документтер менен иштөө жагын жаңылоо көңүл сыртында калып калат. Биз бул көйгөйдү парламенттин деңгээлинде чечилүүсүн өтүнөбүз. Өзгөчө ушул документтер менен иштегенге маани берилиши керек.

Дагы бир чоң маселе. Бишкек шаарында жер калбай баратат, курулуш курууга аянт жок. Шаардын мурунку мэрлери сатып жиберген, же өзүнүн туугандарына каттатып алган жерлерди 100 эсе, миң эсе кымбат сатып атышат. Бул маселени укук коргоо органдары изилдеп чыгышы үчүн тапшырма берсеңиздер болот да?

Бишкектеги жер аянттары шаардын мурдагы жетекчилери тарабынан ижарага берилип кеткени жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев буларга токтолду:

-Убагында ижарага берилип кеткен жерлер көп. Мэрияда иштегендер, тааныштары барлар коррупциялык схема менен ар кандай долбоорлорду өткөрүп алышкан да, аягында короосунан картока саткандай жерлерди сатышкан. Алар жерди бекер алышкан. Кийин курулуш тармагындагылар, бизнесмендер да жер алышты, бирок алар базар баасы менен сатып алды. Азыр дагы биринен-бирине, төрт-беш колго өтүп сатылып жатат. Аягында келип курулуш тармагындагылар күнөөлүү болуп отурушат. 

Кыргызстандын Жер кодекси боюнча өлкө жарандарына мамлекеттен бир жолу жер аянтын алууга мүмкүнчүлүк берилет. Бирок бардык коомдук жерлер, парк участокторун жеке менчикке берүүгө тыюу салынат. Ошентсе да калаадагы көптөгөн парктын аянттары ижарага берилип же сатылып кеткени маалым.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулу учурда канча объекти ижарада экенин кабарлады.

-Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 5 миңге жакын ижарачыбыз бар. Алардан жылына шаар бюджетине салыктык эмес төлөмдөр түшөт. Ал каражат социалдык тармакка жана шаардын өнүгүүсүнө жумшалат. Былтыр пандемия учурунда, күзүндөгү Октябрь окуялары учурунда иш токтогон. Анда ар бир ижарачы канча чыгымга учурады, баарын анализдеп чыкканбыз. Корутунду Бишкек шаардык кеңештин кароосуна киргизгенбиз. 

Архитектор Темирбек Атабаев шаардагы курулуштарды иректке келтирүү маселесин көтөрдү. Ал Башкы планды өзгөртүү керектигин айтып, аны узак убакытка эмес, ыкчам өзгөрө тургандай түзүүнү сунуштады.

-Бишкектин Башкы жана деталдуу планы учурда актуалдуу маселе болуп турат, муну жаңылоо керек. Анткени ал СССР учурунда киргизилген. Ошол учурга ылайыкталып жазылган, себеби анда жер мамлекеттики болчу. Азыр жеке менчик көп. Бирөөнүн аймагына парк салынып калат, анан ызы-чуу башталат. Көчөлөрдү кеңейтип коебуз да тургундар менен маселе чыгат. Азыр Оркусияны эле карап отурабыз, бирок Орусия өзү батыш мамлекеттерин карап Башкы пландарын ыкчам өзгөрө тургандай түзүп жатат. Биз да Бишкектин башкы планын замандын талабына ылайык түзүп, киргизишибиз керек. 

ЖИА бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов курулушка уруксат берүүдөгү процесстер түшүнүксүз экенин айтып, сындады. Ал курулушчулар менен мэриянын ортосундагы бюрократиялык маселерден улам курулуш компаниялары зыянга учурап жатканын кошумчалады.

-Мэриянын жер ресурстары боюнча башкармалыгынын справкаларды берүүсү, берилген жерлердин сатып алынбай туруп калышы көп көйгөй жаратат. Мисалы, 5 жыл мурун бүтүргөн үйлөр бар, аны сатыка чыгаруу үчүн көп убакыт справка ала албай, жөн эле ижара акысын төлөп келе жатабыз. Өзбүздүн тапкан пайдабызды жөн эле мэрияга төлөп калып жатабыз. Биз бул маселе боюнча сотко кайрылуу тууралуу ойлонуп жатабыз. 

Мындан тышкары, уруксат кагаздарын берип коюп туруп, кайра артка чакырып алган модага айланып калды. Негизи АПУ (архитектуралык пландык шарт) берилгенден кийин курулуш компания бардык пландарын түзөт. Курулуш түшө тураган аймакты тосуп, долбоорлоого акча бөлүнөт. АПУ берилгенде бул иш аягына чыгат дегенди билдирет, мамлекеттин кепилдиги болушу керек. 

Кыргызстанда бийлик алмашканда бардык тармактардын жетекчилери алмашып, иш аксайт. Бул көйгөй курулуш тармагына да таасирин тийгизди. Учурда Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттиги жоюлуп, милдеттери Транспорт министрлигине өткөрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM