Бүгүнкү күндө Кыргызстандын беш гана мектеби толук онлайн режимде иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда төрт жана Жалал-Абад облусунун бир мектебине салттуу режимде иштөөгө уруксат берилген эмес.
Белгилүү болгондой, 2 миң 15 жалпы билим берүү мекемелеринде 1-класстан 11-класска чейинки бардык класстар кадимки тартипте окуп жатат. 127 мектепте 1-5-9-11-класстар үчүн гана офлайн режим кирген. Эки мектепте салттуу сабактар биринчи класстын жана 9-11-класстардын окуучулары үчүн өткөрүлүүдө.