Connect with us

Адвокаттар Ташиевдин уулун актоону суранышты

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1855 | 0

Бүгүн, 5-апрелде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Темирланга козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы «Маралга» билдирди.

«Буга чейин Темирлан Ташиевдин жактоочусу баш коргоо чарасын экинчи инстанцияга даттануу менен кайрылган. Адвокаттар УКМКнын башчысынын уулун актоону суранышты. Соттук коллегия өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырды. Иш жаңы кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү», — деп айтылды билдирүүдө.

Эске салсак, Темирлан Ташиев 2013-жылы дөңгөлөктөрдү уурдаган деп шектелген. Бир жылдан кийин иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Жабырлануучулар жеке-мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартышкан жана Темирлан Ташиевге карата сот иши токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM