Connect with us

Жаңы мыйзам: Зомбулук жасаган адамды жазалоодо тосмо арыз каралбайт

Коом , Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 2146 | 0

Үй-бүлөлүк зомбулук акыркы учурларда өтө көп катталып келет. Статистикалык маалыматтарга таянып айтсак, үстүбүздөгү жылдын январь, февраль айларында 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 550, Ош шаарында — 62, Чүй облусунда — 446, Ысык-Көл облусунда — 92, Нарын облусунда — 64, Ош облусунда — 52, Жалал-Абад облусунда — 118, Талас облусунда — 29, Баткен облусунда — 50 факты ачылды. Мунун ичинен 62сине кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүүдө.

Бул сандар каттоого алынып, иш ачылгандары гана. Тилекке каршы, ар кандай себептерден улам ачык айтылбай же эки тараптын сүйлөшүүсү менен чечилип калган учурлар да көп болорун адистер белгилешет. Ошол эле учурда ишти андан ары өткөрбөй, тосмо арыз жазып берип, кайра чыгарып алган үй-бүлө мүчөлөрү да жок эмес.

Ушул маселеге карата кабыл алынган Өкмөттүн токтомунун аткарылышы боюнча Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети отурум өткөрүп, министрликтердин отчетун укту.

Отурумда баяндама жасаган Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев үй-бүлөдөгү зомбулуктун көбөйүшүнүн себептерин бир баштап санап өттү:

«Былтыр коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам да көбөйүп кетти. Анын үстүнө жумушсуздук деген бар. Андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө акчанын жетишпестигинен чыр чыгат. Кээде ичкиликтин айынан болуп жатат. Балдарын таштап миграцияга кеткен үй-бүлөлөрдө да зомбулук орун алууда».

Министрликтин маалыматына ылайык, 2012-жылдан 2015-жылга чейин 2 миң 500дөн 3 миң 500гө чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып турган. 2016-2018-жылдары бул көрсөткүч 7 миңге жеткен. Статистика көрсөткөндөй, алардын дээрлик 90%ы же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет.

Үй-бүлөлүк зомбулук — жалпы коомдун көйгөйү. Буга көбүнчө аялдар, балдар кабылат. 2019-жылдын 8 айындагы көрсөткүч боюнча катталган окуялардын ичинен 71%ы ур-токмокко алуу, 26%ы психологиялык басым болгон. Күйөөсү сабап каза тапкан аялдар да жок эмес. Алсак, быйыл 9-январда Түп районунун 40 жаштагы тургуну Гүлмайрам күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган.

Айрым учурларда аялдарынан кордук көргөн күйөөлөр да кездешет. 2019-жылы буга байланышкан 158 окуя катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылы коронавирустан улам карантин жарыяланган учурда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62%га көбөйгөн. Эл өкүлү Наталья Никитенко Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары расмий статистикадан алда канча көп экенин айтып, мамлекеттик органдардын ишине канааттанган жок.

«Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айтылган сандар — айсбергдин учу эле. Мындай окуялар ар бир айылда, айыл өкмөттө, шаарда болуп жатат. Ар кандай изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча зомбулук кирешеси аз үй-бүлөлөрдө жана билимсиздиктен болууда. Бирок бардар жашоодо жашаган, билимдүү үй-бүлөлөрдө да зомбулук бар. Маселе коомчулуктун аң-сезиминде»

Мындан улам депутат Өкмөттү үй-бүлөлүк зордук зомбулукту азайтуу багытында комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга чакырды. Муну менен катар аталган маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да кароо зарыл экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун сунуштап, ал быйыл январда парламентте экинчи окууда кабыл алынган. Мыйзамда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай, ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылары көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM