Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык ишкерлерди Өзбекстан, Казакстан өзүнө чакырып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2021 | 1302 | 0

Кыргызстандык ишкерлерге чет жактардан чакыруулар түшүп жатат. Бул тууралуу Бизнес акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Алар кыргыз ишкерлерин чакырып жатат.

Ал эми Казакстандагы алдыңкы 10 инвестордун бирөө — кыргызстандык.

«Биздин ишкерлер ошол жакка барып бизнесин жүргүзүүдө. Өзбекстан тарап болсо, кийим тигүү жаатында иштеген ишкерлерди чакырып, шарт түзүп берүүнү сунушташты. Бул маселе — өтө орчундуу, маани берүү керек», — дейт Мусуралиев.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда экономика 25-60%га чейин көмүскөдө. Анын бир нече себеби бар: алсак, мыйзамдардын иштебеши, укук үстөмдүгүнүн жоктугу, сот системасына болгон ишенимдин төмөндүгү, салык башкаруу системасынын татаалдыгы. Салык кызматы кызмат көрсөтүү органына айланса, ишкерлерди көмүскөдөн алып чыгууга шарт түзөт. Болбосо көмүскө экономиканын өсүп кетүү коркунучу бар.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, пандемиядан улам Кыргызстанда инфиляция 9.7%ды түзүп, ИДП 8.6%га азайган. 40 миңдей жумуш орун жоюлган.

Copyright © 2017 Maral FM