Биз менен байланышыңыз

Лейлекте жаңы оорукананын курулушу башталды

Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 551 | 0

Бүгүн, 22-мартта Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалын түптөлдү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев катышып, оорукананын курулушуна капсула салды. Суваналиев аймак элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, курулушту каржылоого алган «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесине жана бирикменин аткаруучу директору Ибрагим Мальсаговго ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Суваналиев аталган бирикменин, облустун социалдык муктаждыктарын жеңилдетүүгө кошкон салымын өзгөчө баалоого арзыганын белгиледи.

Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун жалпы аянты 510 чарчы метр болгон эки кабаттуу жаңы имаратында, хирургия бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, дарыгерлер жана медайымдар бөлмөлөрү, ошондой эле бейтаптар үчүн кааналар болот.

Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 млн сомду түзөт. Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат. Курулуш 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM