Биз менен байланышыңыз

Милиция: Түнкү клубда иштеген ди-джейдин өлүмү иликтенип жатат

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 488 | 0

Бишкектеги батирлердин биринде жашаган «312» түнкү клубунун ди-джейин белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

25-февралда болжол менен түнкү саат 00:40тар чамасында Бишкек шаардык ИИББнин «102» кызматына «Чыгыш-5» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринде эс-учун жоготкон белгисиз адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу барып, көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен белгисиз адамдын сөөгүн табышкан. Эксперт-криминалисттер оң жак ийинине тийген ок көкүрөк тушун тешип өткөнүн аныкташкан. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталган. Ал 1983-жылы туулган С.Д. аттуу жаран болгон.

ЖМКлар каза болгон жаран Бишкектеги түнкү клубдардын биринде ди-джей болуп иштеп жүргөнү тууралуу жазышты.

Бул факт Свердлов райондук милициясында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бардык зарыл экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктап, кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM