Connect with us

Намангандын акими президент сындаган айылга көчүп барып, контейнерде жашайт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 7207 | 0

Өзбекстандын Наманган облусунун акими Шавкатжон Абдуразаков контейнер үйдө жашай турган болду. Тактап айтканда, өзбек президенти Мирзиёев капыстан кирип барган Бунёдкор айылына контейнерден үй салып, көчүп бармай болду.

Наманган облусунун акими Бунёдкор айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда: «Мен эми күн сайын ушул жерде, сиздер менен чогуу, кошуна болуп жашайм. Айылдык комитеттин имаратынын так маңдайына «Облус акиминин үйү» деген жазууну илип, контейнерден үй тургузам», — деп билдирген.

Абдуразаков ошол эле күнү айылдагы таштанды жайды жаап, ашар жолу менен тазалык иштерин жүргүзгөн.

Белгилей кетсек, 19-февралда өзбек президенти Мирзиёев Наманган облусундагы сапары учурунда Бунёдкор айылына капыстан кирип барып, андагы абалды сындаган. Жергиликтүү тургундар айылда таза суу жок экенин, жолдорун баткак басып, таштанды жай ачык жатканын айтып арызданышкан болчу.

Мирзиёев жубайынын иштөөсүнө каршы чыккан эркектерди сындады

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM