Биз менен байланышыңыз

УКМК төрагасы Ташиев Баткенге барды (видео)

Кыска кабар | 18 Фев 2021 | 741 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Германиядан Бишкекке учуп келери менен Баткенге сапар тартты. Анын Баткендеги эл менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп жаткан видеолору Фейсбук колдонуучулары тарабынан бөлүшүлүүдө.

Буга чейин, 12-февралда Камчыбек Ташиев Германиянын борбору Берлин шаарындагы бейтапкананын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Анын операциядан кийинки абалы жакшы экендиги айтылган.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM