Биз менен байланышыңыз

«Аэрофлот» Бишкек менен Ошко аба каттамдарын токтотту

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 3462 | 1

Орусиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу эл аралык каттамдарынын графигин өзгөрттү.

Авиакомпаниянын сайтындагы маалыматка таянсак, быйыл 28-марттан 30-апрелге чейин Москва шаары менен дүйнөнүн 84 шаарына, анын ичинен Бишкек жана Ош шаарларына болгон аба каттамдарын токтотот.

Авиакомпаниянын веб-сайтынан же байланыш борборунан алдын ала билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы дароо кайтарылып берилет. Мындай жүргүнчүлөр «Аэрофлоттун» сатуу кеңселеринин же агенттиктеринин мурда билет сатып алган бөлүмдөрүнө кайрылат.

Copyright © 2017 Maral FM