Биз менен байланышыңыз

Окуу китептери мындан ары 4 экспертизадан өткөрүлөт

Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 624 | 0

Окуу китептери буга чейин 1 гана экспертизадан өтүп, басууга берилип келген болсо, мындан ары сапатын жогорулатуу максатында 4 экспертизадан өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» борбору уюштурган «Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптар» аттуу отурумда маалым болду.

Тегерек үстөлгө окуу китептеринин авторлору, келечекте автор болууну ниет кылган илимпоз-жазмакерлер жана басма үйлөрүнүн жетекчилери катышты.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев министрликтин негизги милдеттеринин бири окуу китептеринин сапатын жогорулатуу экендигин белгилеп, «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору түзүлдү. Мындан ары окуу китептерин, окуу-усулдук комплекстердин сапатына жаңы түзүлгөн мекеме жооп берет», — деп билдирди.

Аталган мекеменин аткара турган негизги милдеттери төмөнкүлөр болот:

  • Окуу-усулдук комплекстердин (окуу китеби) мазмунун жакшыртуу;
  • Кыргызстандын мектептери үчүн китеп жазган авторлордун базасын түзүү, аларды окутуу, сертификациядан өткөрүү;
  • Окуу китептерин экпертизадан өткөрүүчү эксперттердин базасын түзүү, аларды окутуу;
  • Окуучуларды сапаттуу, катасыз, жаңы муундагы окуу китептери менен камсыздоо;
  • Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптарды иштеп чыгуу;
  • Санариптештерүүнү алкагында «Электрондук окуу» китептерин даярдоону колго алуу, экспертизадан өткөрүү;
  • Басма үйлөрү, авторлор тарабынан даярдалган окуу китептерин экспертизанын 4 түрүнөн өткөрүү:
  • Илимий экспертиза;
  • Илимий-педагогикалык экспертиза;
  • Басмырлоого каршы жана гендердик экспертиза;
  • Педагогикалык-практикалык (апробация) экспертиза.

Эскерте кетсек, буга чейин окуу китептерин Кыргыз билим берүү академиясы текшерип келген. Эми Билим берүү академиясы окуу-усулдук колдонмолорду гана экспертизадан өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM