Connect with us

Бишкекте кайрадан «Мыйзамдуулук үчүн» тынчтык жүрүшү өттү

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 549 | 0

Бүгүн, 17-январда Бишкекте жарандык активисттер «мыйзамдуулук үчүн»,  «өнүккөн өлкө үчүн», «жаркын келечек үчүн», «студентти колдоо» деген ураандар менен кезектеги тынчтык жүрүшүнө чыгышты. Иш-чараны «Баштан башта» коомдук уюму уюштурду.

Маалым болгондой, тынчтык маршы түшкү саат 12:00дө темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, «Ала-Тоо» аянтында аяктамакчы. Алар бийликти узурпациялоого, мыйзамсыздыкка, референдум өткөрүүгө каршы пикирлерин айтып келишет.

Өлкөдө Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлгөндөн бери жекшемби сайын референдумга каршы жүрүш өтүп жатат. Катышуучулардын арасында жарандык активисттер, юристтер, саясатчылар бар.

Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо үчүн 10-январда президенттик шайлоо менен бирге референдум өттү. Алдын ала жыйынтыкка ылайык референдумга катышкандардын 80%дан ашыгы «президенттик башкарууну» тандашты. Эми ага жараша Конституциялык кеңешме түзүлүп, Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке сунушталат. Парламент 6 ай убакыттын ичинде Башмыйзамдын жаңы долбоорун карап чыгыш керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM