Connect with us

Бүгүнкү адилетсиздикке көз жумгандар, эртең адилеттүүлүктү талап кылып көчөгө чыгат

Блог | 25 Дек 2020 | 1610 | 0

Дартты жашырып жатып, өлүмгө кетерде өкүнгөн пенде сыяктуу, бүгүнкү өлкөбүздөгү дарт мамлекеттүүлүктү жок кылуу алдында турат

Римдин алгачкы падышасы Октавиан Август, кийин XV кылымдагы италиялык саясий ишмер, философ Николло Макиавелли, утопист жана жазуучу Томас Мор баштаган илимпоздор, дүйнөнү өзгөрткөн бир топ падышалар адам жана коомдун өз ара мамилелер системасынын өзөгү катары «башкаруу» түшүнүгүн айткандары бар. Же алыс кетпей өзүбүздүн тарыхка кайрылсак, «Манас» эпосунда да башкаруу деген сөз эл арасында адилеттикти жана тартипти орнотуунун, журтту жана бүтүндүктү сактоонун, теңдикти колго алуунун өзөгү катары берилгени талашсыз. Бул иш-аракеттер — эл-журттун бакубат жашоосун, жыргалчылыгын калыптандырууга, өнүгүп-өскөн алтын тарыхты кийинки муунга калтырууга, мамлекетти чоң империяга айландырууга багытталган. Бирок бул түшүнүк өзүнө жоопкерчилик, билим, стратегия жана улуттук, мамлекеттик идеология деген түшүнүктөрдү камтыганын көпчүлүк учурда эстен чыгарып коюу азыркы кыргыз саясатынын шахматтык талаасында кадыресе көрүнүш болуп бара жатат.

Татаалдыктан качуу эмес, аны изилдөө аң-сезимди кеңейтет

«Саясий философия» деген илимий дисциплина катары каралган кенен түшүнүк бар. Ал көтөргөн маселенин бири — мамлекеттин башкаруу түзүмүнө келүүгө даярданып жаткан жарандын же башчынын башкаруу жөндөмүнүн жогору, акыл-эси тунук, билим менен жоопкерчилик сезими бийик болуусун талап кылат. Бул түшүнүктөрдөн сөз баштоом, балким, «акылдуулукту» демонстрациялаган аракет катары көрүнүшү мүмкүн, бирок бүгүн өлкөбүзгө башчыларыбыз алып келген баш оорунун, трагедиянын себеби ушунда жаткандай. Ошондуктан саясий философия изилдеген адилеттик, мораль жана элита өңдүү аты бар, бирок заты белгисиз сөздөр менен таанышууга мажбурбуз.

Кыска түшүндүрмө:

Саясий философия — бул: саясий баалуулуктарды, саясий идеология менен катар биздеги өзүн «элита» деп атаган адамдардын жана башкаруучулардын саясий аң-сезиминин көйгөйлөрүн көтөргөн илим. Философия илиминин бөлүгү. Алдыда кеп кылуучу көп түшүнүктөрдүн жагдайын саясий философия көтөрөт.

Ар-намыс, адилеттик деген улуу түшүнүктөр чыркырап турган учурда, көчө түшүнүгү менен тарбиялангандар бийликке жөнөшөт

Жаңы доордун башталуусундагы Кыргызстандагы негизги окуялардын бири өлкөгө демократия түшүнүгүнүн келүүсү болду. Бирок ага болгон мамилебиз жана түшүнүгүбүз жалпы турмушубузду татаалдаштырып келе жаткандай. Албетте маселе демократияда эмес, биздин жетилбей жаткан аң-сезимде деп билгенибиз туура болот. Дароо бир саясий системадан (Советтик доордогу саясий система жана идеология) таптакыр түшкө кирбеген системаны кабыл алуубуз учурунда оор болгон деген пикирлер бар. Балким, карапайым эл үчүн оор болуусу мүмкүн, бирок «элита» үчүн бул оор болбошу керек эле. Дал ушул коомдун «эталондук катмары» («бизди элита деп атайт» фразасын эстесе болот) массаны (же калкты) алдыга сүйрөп, мамлекеттин өнүгүүсүн камсыздап, эл аралык байланыштарды чыңдап, өлкөбүздүн имиджин жасап туруп, ардактуу өргүүгө кетсе, тарых өзү аларды «элита» катары тааныйт беле?.. Ушундай кадамдарды жасоо алардын милдети болчу. Тилекке каршы, эгемендүүлүк алгандан берки экинчи жана үчүнчү он жылдыктарда өлкөнү башкарган чала сабат башчыларыбыз өздөрүн «элита» деп атап алып, ар кандай локалдык жана республикалык деңгээлде абалды туруксуздаштыруу иш-аракеттерин жасап, керек болсо кан төгүүлөргө көз жумуп, мамлекеттин чейрек кылым артка кетүүсүнө жол беришти. Эгер «Бул маселенин орду кайда?» — деген ой толгоо кылсак, анда: «Башчылардын баштарындагы билиминин, аң-сезиминин пайдубалында мандем бар», — деп жооп берүүгө туура келет. Өлкөнүн тагдырын чечкендердин сабатсыздыгы, жеке кызыкчылыктарынын биринчи орунда туруусу, принцибинин жоктугу, жоопкерчиликсиз мамилеси мамлекетибиздин жардын кырына келип калуусуна себеп болгону жашыруун эмес. Бул тууралуу ачык айтып чыккандардын оозун куугунтуктоо, коркутуу менен жабууга аракет кылышат. Мындай буйрукту айрым чиновниктер, атайын кызматтын жетекчилери, кызматкерлери сыймыктануу менен аткарышат. Бирок, эл оозунда айтылгандай, «тагдырдын тамашасы» менен өз баштарына балээ келгенде сүттөн ак, наристеден таза түр көрсөтүп, акыйкаттык издеген болуп чыга келишет. Качан таразанын ташы кайрадан алар тарапта болсо, көнгөн адаттарын башташат. Ар-намыс, адилеттик деген улуу нерселер ушундай системада чыркырап жаткан убакта, көчө түшүнүктөрү менен жүргөндөр мамлекеттин тагдырын чечүүгө жөнөшөт. Акырында «Мамлекет» аттуу чоң кеме деңизде талкаланып жок болот. Буга окшош мисалдар тарыхта ондоп кайталанганын жокко чыгара албайбыз. Тилекке каршы, бул кадамдар өлкөбүздө да кайталанууда.

Ар кандай үчүнчү күчтөр мамлекеттүүлүгүбүздү жок кылууга кызыкдар

«Жаңы дүйнө» деп аталган географиялык аймакты билсеңиз керек. Ал болжол менен XV кылымдын аягында ачылган. Бул жакка 200 жыл бою европалыктар жапырт көчүүнү улантып турушту. Жаңы дүйнөгө испандар, англичандар, француздар кызыгышып, аймакта таасир талашуу орун алды. Анын жыйынтыгында бүгүн бизге белгилүү болгон «Жети жылдык согуш», «Бостондогу кан төгүү», «Бостондогу чай ичүү» же «Триполитандык согуштар» тарыхта калды. Бул аймак Англиядан бөлүнүп чыгып, 1776-жылы көз карандысыздыгын жарыялады. Албетте, сиз туура таптыңыз. Биз азыр Америка Кошмо Штаттары деп аталган, дүйнөдөгү биринчи держава жөнүндө сөз кылуудабыз. Эгемендик үчүн Англия менен болгон күрөштө Жон Адамс, Жорж Вашингтон, Томас Жефферсон же генерал Томас Гейж сыяктуу бүгүнкү АКШны түптөөчүлөрдүн көздөгөн максаты бир болгон. Алар ич ара тирешсе да, принциптери үчүн тирешкен. Бирок, аларды мунасага бир гана жалпы максат алып келген. «Америка кандай болбосун, эгемендикке жетип, көз карандысыз жашап, ар бир жаран америкалык экенине сыймыктануусу керек» деген максат башкы идеология болгон. Бүгүн бул адамдар менен ар бир жергиликтүү америкалык сыймыктанат. Америка менен анын кичинекей штатынын кубатына тең келбеген Кыргызстанды азыркы убакта салыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Бирок, эки өлкөнүн башкаруучуларынын аң-сезимин, идеологиясын салыштырууга толук мүмкүн жана бул маселени дагы да жакшылап түшүнүүгө жардам береттир деген гана үмүт. АКШ эгемендик алгандан кийинки 5 жылдын ичинде өлкөнүн чарбасын өнүктүрүү боюнча мыйзам кабыл ала баштаган. Түндүк тарабы менен түштүк бөлүктөрү климатына жараша айыл чарбасын өнүктүрүү, индустриалдык коомдо өндүрүштүн орду жана багыттары такталып, ички дүң өндүрүмдүн көлөмүн көбөйтүү стратегиясы түзүлө баштаган. Кийинки 15 жылдыкта аскердик тутумда стратегияларды иштеп чыгып, коопсуздук маселесин чечүүгө киришти. Ар бир башкаруу позицияларында республикачылар менен демократтардын салмагы эске алынып, көпчүлүк учурда партиялык тең салмак сакталды. Бул иш-аракеттердин баары Американын эгемендиги жана бүтүндүгү үчүн жасалып, бүгүнкү деңгээлге жеткирди. Ал эми Кыргызстан тарыхында 1991-жылы эгемендикти алган тарыхый убакытта экономикалык терең кризисти эске албаганда, эч кандай оор согуш, кан төгүү болгон жок. Бирок, кийинки жаңы тарыхыбыздагы кан төгүүлөр өз башчыларыбыздын эле  уюштурган иши болгонун тарых бат эле тастыктап койду.

Биздин мамлекеттин тарыхында Ишеналы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов ж.б  алтын муундун, чыныгы саясий элита өкүлдөрүнүн мамлекетибиздин көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жүрүп кабылган трагедиялуу тагдырына кийинки муун карыздарбыз. Алардын Кыргызстанды күчтүү мамлекет кылып түптөө идеологиясын андан ары алып кете албагандыгы үчүн эгемендүүлүгүбүздөн кийинки жаңы доордун саясатчылары, президенттер, катардагы жарандар бардыгы биригип, моралдык жоопкерчиликти сезүүсү керек болчу. Тилекке каршы, алардын чексиз бийликке умтулуусу барган сайын күчөөдө. Бийликтин мафиялашуусу, коррупция, тааныш-билиши барлардын гана кызматка келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүүсү, элдин ырыскысынан миллион-миллиарддаган долларлык байлык топтоо, каршы чыккандарды жок кылып же «эл душманы» катарында көрсөтүү, аларды коркутуу бүгүнкү күндөгү башчылардын иштеп чыгарып койгон идеологиясы болуп калды. «Толпанын» психологиясын үйрөнүп, курал кылып, шайлоолордо добуш сатып алып, кайрадан бийликке келип, сотторду, укук коргоо органдардын башчыларына жалаң дос-тууганын коюу, парламентке өзүнүн адамын алып келип, бизнес империясынын кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды кабыл алдыртып, интригадан башка эч нерсени билбей саясатты менчиктеп алгандар келечекте да ушул жолду улантууну көздөп турат. Бир топ ондогон олуттуу мыйзамдарды 8 сааттын ичинде кворумсуз өткөрүп туруп, элди шылдыңдап каникулга баса беришкен «эл өкүлдөрү» кайрадан сүттөн ак болуп чыга келип, «Мен убагында  айткам!» деген акылдуу сөздөрүнөн беткап токуп таратуудан ырахат алышат. Ушулардын дос-тууганы, уул-кызы парламентке келип, органдарда болсо жогорку даражалуу кызматты ээлеп, андан ары да мураскер даярдоо менен алек. Кийинки келе жаткан падышаларыбыз: «Системаны талкалайм!» деп убада бергени менен ошол системаны гүлдөтүп кетип жатышат. Болуп жаткан саясий күрөштөр жеке мамиленин себебинен жүрүп, чарба жана каржы маселебиз каралбай калды. Айласы кеткен эл кимиси татыктуу же татыксыз экенин ажырата албай, бир да мамлекеттик кызматта иштебей туруп, ак үйгө келип, кара үйгө кетип, андан чыккандарды бир ууч жалданмалар орусча айтканда «боготворять» этип, анан элдин психологиясына ал таза, акыйкаттын адамы катары сиңирип, ансыз да айласы кетип турган элди ишендирип, шайлана элек жатып түбөлүктүү хан кылып, анын фигурасынын культун түзүп, авторитаризмдин курсуна алып бара жатат. Мындай кырдаалдан пайдаланууну көздөгөн бир нече жамаат пайда болууда: диний-экстремисттик жана ар кандай уюмдар, лоббисттер тобу жана «каралар» дүйнөсү. Атайын коопсуздук кызматына кесипкөй адис эмес, кан дос, жан дос дайындалып жаткан убакта чет элдик атайын кызматтардын өкүлдөрү, тыңчылары, түрдүү күчтөр абалды курчутуучу операцияларды пландаган жок деген кепилдик барбы? Булардын ири соккуларына биздин коргоо тармагыбыз туруштук бере алабы?

Кыргызстан — кен-байлыкка жана таза суунун запасына бай аймак. Бизге чыгыштан жана батыштан кубаттуу мамлекеттер көз артып келишет. Өлкөбүз Ирактай же Сириядай болуп державалардын согушкан талаасына айланып калуу коркунучу бар. «Араб жазы» кайрадан «Борбор Азия жазы» болуп кайталанбашына канчалык деңгээлде ишенимдүүбүз? Себеби Тунистен башталып, Египет, түштүк-батыш Африканы каптаган «Араб жазы» окуялары кийин адамзаттын тарыхында эң коркунучтуу ИГИЛчилердин жандануусуна жол берип койду. Дүйнөнүн ар кайсыл бурчунан кедей катмардагы, билими жок мусулмандар игилчилердин катарына кошулуп, Сирияда жана Ливанда согуштук операцияларына катышып, аман калганы активдүү согуштук даярдыктан өтүп жатканын БУУ жана НАТО баштаган уюмдар какшап келишет. Бул процесстерге Борбор Азиядагы мамлекеттер Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан өтө көп согушчандар тартылды. Азыр алар кан төгүү жана психологиялык таасир берүү даярдыгынан жогорку деңгээлде өтүп, кошуна өлкөлөрүбүздө жана өз аймагыбызда ыңгайлуу мезгилин күтүп турган кездери. Дагы бир учурду көздөн кечире турган болсок, «Араб жазынын» келип чыгуусунун бирден-бир себептери клептократия, коррупция, мафия, жумушсуздук жана социалдык теңсиздик болгон. Бул көрүнүштөр өлкөбүздө да активдешип бара жатат. Кечээ жакында аймактарда биринин артынан бири кармалган шектүүлөр жана алардын жанынан табылган курал-жарак, маалымат технологияларынын түрлөрү жогорудагы сөзүбүзгө негиз боло алат. Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирбеши үчүн кайсы облус экенин атабай койгонум туура болот. Мына ушундай коркунучтардан кооптонгон кошуна жана өнөктөш мамлекеттерибиз бизден жүз буруп жаткандай. Өзүбүздө ачык айтылбаганы менен эл аралык серепчилер, саясатчылар Орусияны кыргыз журтунун протектораты деп аташат. Учурда Путин да Кыргызстандагы саясий кризисти тааныбай, легитимсиз бийлик менен мамиле түзүүдөн баш тартып жатканы тууралуу талкуулар интернетте ондоп кезигет. Булардын баары ойдон чыгарылбаган, фактыга негизделген кептер.

Чоңдорубуз Кыргызстанды идеалдуу мамлекет катары көрсөткүлөрү келе берет

Платон өзүнүн «Мамлекет» деген белгилүү эмгегинде: «Идеалдуу мамлекет акыйкат жана адилеттик принцибинин негизинде курулат» деген оюн айтыптыр. Ал: «Акыйкаттык жана адилеттик түшүнүктөрү — бул: элдин кызыкчылыгы жана жыргалчылыгы, ал жеке адамдардыкынан өйдө турушу керек», — деген принцип катары чечмелейт. Мындай бекем көз караш үчүн жан берген башкаруучу кантип калыптанат? Бул суроого ойчул бир топ шарттардын катарында тарбия-таалим маселесин көрсөтөт экен: «Эң алгач башкаруучу тарбиялануусу, калыптануусу керек. Ал үчүн ата-энеси жооптуу. Кийин эр жеткенде туура чөйрө тандоосу керек. Үчүнчүдөн, мамлекетти башкарууга баруу үчүн билим алып, эрктүүлүк жана эмгекчилдик сапаттарын өнүктүрүүсү керек. Булар үчүн башкаруучу өзү жооптуу. Башчы болуу үчүн «бандит» эмес, баатыр болуу керек. Ошондо гана идеалдуу, бакубат мамлекет түзүлөт». 

Кебинин соңунда «Ар бир башкаруучу болом деген жаран философия, илим жана искусство менен дос болуусу керек» деген жыйынтык чыгарат. Бизде көчөгө чыгып кыйкырып аброй топтоп, кызмат алган чоңдорубуз бети кызарбастан, Кыргызстанды идеалдуу мамлекет катары атай беришет. Негиз катары «Баланча пайыз, түкүнчө пайызга тигил же бул тармак киреше алып келди, өнүгүп жатабыз. Албетте, бул мен келгенден кийин ишке ашууда!» — деген төш кагуу — чиновниктерибизге көнүмүш адат. Философия же искусствону түшүнүүгө алардын деңгээли жетеби? Кызматка умтулуудан мурда, алгач жөнөкөй эле ата-бабалардын тарыхы, маданияты жана даанышмандыгы менен таанышып алса, уяттуулук сезими, адеп-ахлактык сапаттары өнүгөт беле?

Бүгүн баарын билип туруп, өзүнө өзү адилетсиздик кылгандар, эртең эле адилеттикти талап кылып көчөгө чыгат

Санаса түгөнбөгөн, мамлекетибизди критикалык кырдаалга кептеген бүгүнкү көйгөйдүн эң жөнөкөй себеби: мамлекетти алдыга сүйрөп кете турган идеологиянын жана бийлик өкүлдөрүнүн, жөнөкөй кызматкердин жана катардагы жарандын моралдык жоопкерчилик сезиминин жоктугу десек туура болчудай. Бүгүн баарын билип, сезип туруп, өзүнө-өзү адилетсиздик кылгандар, эртең эле адилеттик талап кылып көчөгө чыгат. Анткени  алар кечээ баарын билип адилетсиздик жасап, бүгүн көчөдө акыйкаттык издеп жүрүшөт. Акыйкатты көчөдөн эмес, аң-сезимден жаратарын түшүнсө да түшүнгүлөрү келбейт. Ошентип бүтүндөй мамлекет, цивилизациялар жок болуп кеткени тарыхта белгилүү. Өткөндөн сабак алганды биле бербегенибиз өкүнүчтүү. Анткени катаны кайталабоо өзүнө өзү акыйкат мамиле жасоодон башталат. Акыйкаттык жана жоопкерчилик — бул: биздин арман.

Жазган: Азамат Асанбеков

P.S Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM