Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн атын Кыргыз Эл Республикасы деп өзгөртүү сунушталды

Кыска кабар | 23 Ноя 2020 | 1287 | 1

«Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев Кыргызстандын аталышын өзгөртүүнү сунуштады. Ал өлкөнү Кыргыз Эл Республикасы деп атоо туура болот деп эсептейт.

Кошалиев элдик курултай — элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти бири-бири менен кынаштырып, орду менен алып келген түйүн экенин айтты.

«Эгер Курултай деген система киргизилсе, бийлик элдики болгондуктан өлкөнүн аталышында да биринчи сөз эл деп башталышы керек. Элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти байланыштырганга идеалдуу мамлекеттик түзүлүш жок. Уинстон Черчиль: «Демократия болбогон нерсе, бирок башкаруунун андан дурус формасы да табыла элек», — деп айткан. Ошол мамлекеттик бийлик менен элдик бийликти бири-бири менен кынаштырып, орду менен алып келген түйүн — элдик курултай. Ошондуктан өлкөнүн атын өзгөртүп, Кыргыз Эл Республикасы деген аталышты сунуштайбыз. Себеби элдик бийлик кирип жаткандан кийин аталышында да эл деген сөз биринчи турушу керек, Кытай Эл Республикасы дегендей эле», — деди Кошалиев.

Бишкекте бүгүн Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү. Анда Башмыйзамдын жаңы долбоорунун негизги багыттары боюнча бир нече секцияларга бөлүнүп талкуулап жатышат.

Бул кеңешме 20-ноябрда Конституцияны талкуулоо үчүн президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жарлыгы менен түзүлгөн.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Аны Жогорку Кеңештин 80 депутаты демилгелеген.

1 пикир

1 пикир

  1. Оппозиция

    23.11.2020 15:07

    Ушуга айткылачы жөн эле койсун🤦‍♂️

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM