Биз менен байланышыңыз

Жапаров кадр тандоодогу кемчиликтерди моюндады

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 539 | 0

Мамлекеттик кызматтарга кадрларды эки-үч айдан кийин сынак аркылуу кайра тандап, тазалайбыз. Бул тууралуу өкмөт башчы Садыр Жапаров 29-октябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматтардагы азыркы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатат жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштурулат.

Жапаров соңку дайындоолордо мүчүлүштүктөр бар экенин мойнуна алып, мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамиле калыптандыруу муктаждыгы жаралып жатканын, бул багытта мекеме аралык комиссия түзүлөрүн айтты.

Ар бир тармак боюнча жумушчу топтор да түзүлүп, алардын курамына экономиканы, технологияларды мыкты билген эксперттер, адистер жана коррупцияга аралашпаган таза жаштар тартылары айтылды.

Жапаров комиссия жана жумушчу топтор мамлекеттик органдарды реформалоо, министрликтердин, тармактардын түзүмдөрүн оптималдаштыруу, милдеттерди туура бөлүштүрүү жана кызматкерлердин штаттык саны боюнча маселелерди талкуулашарын кошумчалады.

«Бири-бирин кайталаган штаттык адистиктер кыскартылат. Азыркы дайындоолор саясий макулдашуулардын негизинде жүрүп жатат. Күнүгө мага көптөгөн кишилер кирип жатат. Баары: «Мен кыйынмын, иштегенге даярмын», — деп турушат. Колдон келишинче бардык саясий күчтөрдү тартып, саясий куугунтукка албай, «кечээ катуу сөз айттың» же «бүгүн мындай дедиң» дебестен, бардык жаштарды жумушка тартканга аракет кылдык. Анча-мынча кадрдык мүчүлүштүк кетип калууда. Аны баарыңар түшүнүп турасыздар. Ар кандай саясий күчтөр суранат экен. «Биздин кишиге, фракцияга же топко бер» дешет экен. Бул — убактылуу гана көрүнүш. Кудай буюрса, реформалар жүрсө баарын кайра конкурстук негизде алып, 2,5-3 айдан кийин болобу, баары тазаланат деп толук ишендирип кете алам».

Учурда өкмөттө дээрлик бардык тармактардын жетекчилери алмашып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM