Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Быйыл бир эле тармакта өсүш болду

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 359 | 0

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгында бир гана айыл чарба тармагында өсүш болгон. Калган тармактар артка кеткен. Бул тууралуу өкмөт башчы Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ички дүң өндүрүмдүн тогуз айдагы көлөмү 400,2 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле убактысына салыштырмалуу алты пайызга төмөн.

«Айыл чарба тармагы 102,1 пайызды түздү. Калгандарынын бардыгы азайган. Мисалы, өнөр жай 1,9, курулуш 7,7 жана кызмат көрсөтүү тармагы 9,8 пайызга кыскарган», — деди Жапаров.

Ал ошондой эле инфляция 2,9 пайызды түзгөнүн кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM