Кыргызстанда 13-октябрга карата дагы эки жаран коронавирустан каза тапты. Өлүмдүн жаңы учурлары Бишкек шаары менен Ош облусунда катталды. Пандемия башталгандан бери 1 миң 92 адам вирустан каза болду.
Акыркы суткада COVID-19 илдетинин 343 жаңы учуру катталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, эң көп учур Баткен облусу, Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусунда катталды.
— Бишкек — 81;
— Ош — 18;
— Чүй облусу – 21;
— Ош облусу — 46;
— Ысык-Көл облусу – 17;
— Жалал-Абад облусу – 77;
— Баткен облусу — 83.
Өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 49 миң 871ге жетти.
Учурда ооруканаларда 1776 бейтап бар, үй шартында 1833 киши дарыланып жатат.
13-октябрга карата COVID-19 илдетинен 190 бейтап айыкты. Алар:
- Бишкек – 25;
- Ош шаары – 7;
- Чүй облусу – 9;
- Ош облусу – 46
- Нарын облусу – 4;
- Талас облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 13;
- Жалал-Абад облусу – 43;
- Баткен облусу – 42.
Кыргызстанда коронавирус каттала баштагандан бери 44 миң 712 адам бул илдеттен айыкты.