Биз менен байланышыңыз

Шайлоо жабдыктарынын иштебей калышы боюнча бир нече учур катталды

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 339 | 0

Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо күнү добуш берүү башталгандан бери автоматтык эсептөө урналары жана биометрикалык маалыматтарды окуган жабдыктар бузулган бир нече учур катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов маалымат жыйында кабарлады.

Ал шайлоо участокторундагы жабдыктардын мүчүлүштүктөрү жоюлганын айтты. Учурда бардык техникалык каражаттар иштеп жатат. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү штаттык тартипте иштөөдө.

Кыргызстанда бүгүн саат 08:00дө добуш берүү башталды.

Парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган.

Шайлоого 16 саясий партия катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM