Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесине которулду.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, Исаков Жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-пунктуна ылайык которулган.
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.