Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 12-сентябрда иш сапар менен Жалал-Абад облусунда болот.
Ал облустагы Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорундагы социалдык объектилердин курулушу, ички жолдорду реконструкциялоо, ирригациялык объектилерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.
Ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.