Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Ооруканаларда беш жүздөн ашык бейтап дарыланып жатат

Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 503 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 71 жаңы учуру катталды. Аймактар боюнча бөлүп караганда:

— Бишкекте — 15 учур;
Ош – 1;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу — 5;
Талас облусу — 4;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 15;
Баткен облусунда — 19 учур катталды.

Коронавирус жуктургандардын саны 44 миң 684кө жетти.

Ушул күндөрү стационарларда 532 бейтап дарыланууда, амбулатордук дарыланууда 2260 адам бар. Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 151 киши сакайды. Коронавирустан жалпы 40 миң 487 бейтап айыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM