«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын катарына дагы 7 партиянын өкүлдөрү кирди. Бул тууралуу аталган партиянын тараткан маалыматында айтылат.
Алар:
— «Кыргызстан коммунисттери партиясынан» Исхак Масалиев,
— «Эрк» партиясынан — Турсунбай Бакир уулу,
— «Эгемен Кыргызстан» партиясынан -Бектур Асанов,
— «СССР» партиясынан — Ишенбай Кадырбеков,
— «Ак калпак» партиясынан — Улукбек Маматаев,
— «Улуу көч» партиясынан — Акат Момунов,
— «Бүткүл жаштар» партиясынан Ч. Капаровдор кошулду.
«Кыргызстандын коммунисттер партиясы» парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын Борбордук шайлоо комиссиясы 13-августта кабарлаган. Бул партияны коомдук ишмер Исхак Масалиев жетектейт.
Масалиев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен депутат болуп барып, кийин фракция лидери болгон. 2020-жылдын 21-майында өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.