Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов COVID-19 вирусун жуктуруп алганына байланыштуу муниципалитеттин башчысынын милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
—Шаардык жана ыкчам штабдар кадимки режимде иштөөдө, бардык кызматтар жана акимчиликтер өз ишмердүүлүгүн улантууда, — деп айтылат маалыматта.
Бишкек мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алды