Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурган 3 жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Каза болгондор 1961-жылы туулган аял, 1959-жылы туулган эркек жана 1958-жылы туулган эркек киши.
—Ысык-Көл облусунун Түп аймактык ооруканасына 1958-жылы туулган эркек киши түшкөн. 15-июнда келгенде бейтаптан пневмония, респиратордук инфекциянын белгилери байкалган. Абалы өтө оор болгон. 8-июнда эле анын дене табы көтөрүлүп, дарыгерлерге кайрылган. Кийин жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулуп, саламаттыгы начарлаганына байланыштуу каза болуп калды. Анда пневмония жана жүрөктүн иштешинин жетишсиздиги байкалган, — деди Үсөнбаев.
Мындан тышкары, Оштун Кара-Суу районунда 1959-жылы туулган эркек 17-июнда ооруп, дене табы көтөрүлүп жана жөтөл коштогондуктан ооруканага кайрылган.
—Ал жеке менчик ооруканада дарыланган. Мурда инфаркт болуп, андан жапа чегип келген. Дарыланганына карабастан дем алуу жетишсиздигинин айынан каза болуп калды. Ал эми 1961-жылкы аял Ош облустар аралык ооруканасынын жугуштуу бөлүмүнө жаткырылган. Ал 19-июнда келип, анда өтө курч мүнөздөгү коронавирус инфекциясы, эки тараптуу пневмония жана дем алуу жетишсиздиги аныкталган. Келгенде эле шалдырап, тамакка табити жок болгон. Ошондой эле, бөйрөгү да ооруп чыккан. Көрсөтүлгөн жардамдарга карабай каза болуп калды, — деди Үсөнбаев.
Бүгүн, 20-июнга карата коронавирус илдети 192 адамдан аныкталды. Жалпы катталган учур 2981ге жетти. Илдеттен 1981 жаран айыгып, коронавирус жуктурган 35 адам өмүрлөрү менен кош айтышты.