Connect with us

Талас мэриясынын кызматкери пара менен кармалды

Кыска кабар | 9 Июн 2020 | 538 | 0

Талас мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

4-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-жылы туулган Ш.у.К. аттуу кызматкери пара алып жаткан учурунда кармалды.

Ал муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча талап кылган. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Талас облустук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM