Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 437 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-февралда саат 07:43тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 балл, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле, 26-февралда саат 11:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM