Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда күчү 3.5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 424 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-февралда саат 02:18де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3.5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3.5 балл, Икизяк, Эркештам айылдарында 3 балл, Көк-Суу айылында 2.5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM