Бүгүн, 13-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына болжол менен 16-20 метрге жеткен катуу шамал жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрлик шаар тургундарын жана унаа айдоочуларын сак болууга чакырат.