Биз менен байланышыңыз

Сулайманов Саймаитинин өлүмүн иликтеген депкомиссиядан чыкты

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 638 | 0

Бүгүн, 25-ноябрда кытай жараны, өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия жыйын өткөрдү.

“Марал” радиосунун ишенимдүү булактары кабарлагандай, бүгүнкү жыйында “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов комиссиянын курамынан чыкканын жарыялады. Ошондой эле, жыйында комиссиянын төрагасы болуп депутат Талант Мамытов тандалды.

Эске салсак, Айеркен Саймаити менен байланышы бар адамдарды аныктоо үчүн депутаттык комиссия түзүү зарылчылыгын Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламент жыйынында билдирген.

Анын пикиринде, Саймаити менен бир топ депутаттарды, анын ичинде өзүн да ага байланыштырып, каралоо жүрүп жатканын айткан эле:

Саймаитинин өлүмү коомчулукта көп сырды, жаңы нерселерди ачып жатат. Ошого байланыштуу депутаттарды, анын ичинен мени да каралаган күчтөр көбөйдү. Бул коомдун көңүлүн башка жакка алаксытуу аракети болуп жатат. Кандайдыр бир күчтөр элдин көңүлүн башка жакка бурууга аракет кылууда. Ошондуктан Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кыргыз паспортун кантип алган, ал кимдер менен жакын, кимдер менен душман болгон деген жагдайларды иликтеп чыгууну сунуштайм. Бул үчүн депутаттык комиссия түзүп, Түркиянын тергөө органдары, парламенти менен чогуу иш алып баруу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM