Connect with us

Электрондук тамеки тарткан 6 киши каза болду, дагы жүздөгөнү оорулуу. Себеби эмне?

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 610 | 0

АКШда Электрондук тамекинин айынан аты белгисиз ооруга чалдыккан 6 адам көз жумду. Дагы 400ү ушундай эле оору менен дарыгердин көзөмөлүндө турат. Алардын 60ы — Нью-Йоркто.

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо штат ичинде жыпар жыт кошулган электрондук тамекилерди сатууга тыюу салды. Ага чейин Мичиганда ушундай тыюу киргизилген болчу. Эми кезекте Калифорния менен Массачусетс шаарлары турат.

Өткөн жума Ак үйдө бул маселе көтөрүлгөн. АКШнын Саламаттыкты сактоо министри Алекс Азар вейптерге кошула турган жыпар жыт берүүчү суюктуктарды толугу менен сатыктан алып салуу планын иштеп чыгарын айткан.

Буга чейин электрондук сигарет коопсуз, кадимки тамекиге караганда зыяндуулугу азыраак деп келишкен. Бирок бакыркы учурларда катталып жаткан көрүнүштөрдөн соң, АКШнын медиктери да так пикирин айта албай келишет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM