Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Абылгазиев Баткенге барды

Кыска кабар | 17 Сен 2019 | 1792 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик учагы менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат катчысы билдирди.

Өкмөт башчы иш сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районуна караштуу Максат айлында эки тараптуу ок атышуу болуп, бир чек ара кызматкери каза болуп, 8 киши жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM