Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Бишкекте ачылган жаңы “Ынтымак” эс алуу багына көчөт отургузуп жатышат. Ар бир бак 9 миң сом турат.
«Жаңы паркка келип, көчөт отургузам деп ниет кылып койдум эле. Мына бүгүн келип, 14 бак отургуздук. Бул жерге каалаган адам келип, бак отургузса болот»- деди саясатчы Өмүрбек Текебаев
Эскерте кетсек, 30-августа «Ынтымак» эс алуу багынын ачылыш аземи болуп өткөн.