Биз менен байланышыңыз

Президент: Бийликтин аброю төгүлсө да, элдин каны төгүлбөсүн дедик

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 967 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда, бийликке карата айтылган сындарга да жооп берди. Ал «Атамбаевди алып чыга албай калды, бийлик алсыздык көрсөттү»,- деген ачуу сынга карабай, Кой-Ташка кошумча күч жөнөтүлбөгөнүн айтты.

Мындан сырткары «Кырдаалды мындан ары курчутпоого аракет кылдык. Атамбаев тарабынан ок атуучу курал колдонулганына карабай, атайын күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок. Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонулду. Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн дедик. Айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазага тартылат. Кечээге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат»,-деп кошумчалаган президент Жээнбеков.

Президент бүгүн парламенттин кезексиз жыйынына катышты. Ал мурунку президент Алмазбек Атамбаев мыйзамды одоно бузганын дагы бир жолу кайталады.

Президент: Акыркы окуя Жээнбеков менен Атамбаевдин жеке күрөшү эмес

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM