Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Баткенде 14 киши жабыркады

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 663 | 0

22-июлда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон чырда 14 киши жабыркаган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Сажира Чоколоева «Маралга» билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусуна учуп кеткенин өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, учурда чыр чыккан жерде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бар. Ошондой эле Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров жеринде жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM